Камкорчулук кеңеши
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 30-майы № 81
Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө
(КР 2020-жылдын 1-августундагы № 105 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Ушул Мыйзам жарандарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин көзөмөлчүлүк кеңешин түзүүнүн жана анын ишинин максаттарын, принциптерин, укуктук жана уюштуруучулук негиздерин белгилейт.
(КР 2020-жылдын 1-августундагы № 105 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу түшүнүктөр
Көзөмөлчүлүк кеңеши (мындан ары - Кеңеш) - юридикалык жак статусуна ээ болбогон, конкреттүү мекемеде мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү сапаттуу берүүнү өнүктүрүүгө кызыкдар болгондордун бардыгын ыктыярдуу негизде бириктирген мамлекеттик эмес, өкмөттүк эмес, коммерциялык эмес коомдук уюм.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү - жеке жана юридикалык жактардын суроо-талабын аткаруу боюнча алардын компетенциясынын алкагында жүзөгө ашырылуучу жана кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын ишке ашырууга, мыйзамдуу кызыкчылыктарын канааттандырууга, же болбосо жарандык-укуктук мамилелердин натыйжасында келип чыгуучу милдеттерди аткарууга багытталган мамлекеттик мекемелердин ишинин натыйжасы.
Социалдык чөйрөдөгү мамлекеттик же муниципалдык мекемелер - ишинин негизги түрү билим берүү, маданият, социалдык коргоо, жазаларды аткаруу жана саламаттык сактоо жаатында мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү берүү болуп саналган мекемелер.
Гуманитардык жардам - мамлекеттер, уюмдар жана жеке адамдар тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, мамлекеттик, коммерциялык эмес уюмдарга, ошондой эле муктаж болгон жеке адамга калктын жашоо жана турмуш шарттарын жакшыртуу үчүн азык-түлүк, техника, шаймандар, жабдуулар, медициналык каражаттар жана медикаменттер, башка мүлк түрүндө акысыз берилүүчү активдер.
Жарандык коомдун уюмдары - коомдун кызыкчылыктарында руханий же башка материалдык эмес керектөөлөрдү ишке ашыруу үчүн алардын кызыкчылыктарынын жалпылыгынын негизинде түзүлгөн, пайда табуу ишинин негизги максаты болуп саналбаган, ал эми табылган пайда мүчөлөрдүн, уюштуруучулардын жана кызмат адамдарынын ортосунда бөлүштүрүлбөгөн ыктыярдуу өз алдынча башкарылуучу коммерциялык эмес уюмдар.
Коомдук иш - жарандардын гумандуулуктун баалуулуктарын сактоого жана чыңдоого, социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө, инсандын өнүгүүгө көмөктөшүүгө жана социумду өркүндөтүүгө багытталган, өз керектөөлөрүнө жана кызыкчылыктарына ылайык үчүнчү жактардын же жалпы коомдун пайдасына эркин жана аңдап-сезип тандоонун негизиндеги жеке же жамааттык, ыктыярдуу жана пайда көздөбөстөн жүзөгө ашырылуучу иши.
(КР 2020-жылдын 1-августундагы № 105 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене. Кеңеш жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Кеңеш жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Мыйзамдан жана башка ченемдик укуктук актыларынан турат.
3-берене. Кеңеш жөнүндө негизги жоболор
1. Ушул Мыйзамдын 17-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган мекемелерди кошпогондо, социалдык чөйрөдөгү мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде көзөмөлчүлүк кеңештерин түзүү милдеттүү болуп саналат.
Кеңеш башкаруу органынын иш-милдеттерин ушул Мыйзамда белгиленген компетенциянын алкагында жүзөгө ашырат.
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү берүү чөйрөсүндө иштеген башка уюмдардын менчик ээлери ушул Мыйзамда белгиленген шарттарда жана тартипте кеңештерди түзүүгө укуктуу.
3. Социалдык чөйрөнүн бир мекемесинде бир Кеңеш аракеттенет.
4. Кеңеш өз ишин мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрүнүн анын ишине ыктыярдуу жана акысыз катышуу принциптеринде туруктуу негизде жүзөгө ашырат.
4-берене. Кеңештин максаты жана милдеттери
1. Кеңештин максаты кызмат көрсөтүүлөрдү берүүнүн, тамак-аш азыктарынын жана дары-дармектердин сапатын, социалдык чөйрөдөгү мекемелердин ишинин айкындыгын, ошондой эле бюджеттик эмес каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга көмөк көрсөтүү болуп саналат.
2. Төмөнкүлөр Кеңештин милдеттери болуп саналат:
1) социалдык чөйрөдөгү мекемелердин ишин натыйжалуу уюштуруу үчүн шарттарды түзүүгө көмөктөшүү;
2) социалдык чөйрөдөгү мекемелердин уставдык максаттарына жана милдеттерине жетүүсүнө көмөктөшүү;
3) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандык коомдук уюмдар менен, ошондой эле эл аралык уюмдар менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүнө көмөктөшүү;
4) социалдык чөйрөдөгү мекемелерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген каржылоонун кошумча булактарын тартуу.
(КР 2020-жылдын 1-августундагы № 105 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-берене. Кеңештин ыйгарым укуктары
1. Кеңеш:
1) уюштуруучулар тарабынан социалдык чөйрөдөгү мекеменин өнүгүү стратегиясын иштеп чыгууга жана кабыл алууга, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга көмөктөшөт;
2) социалдык чөйрөдөгү мекемелерди өнүктүрүүгө гуманитардык жардамды (инвесторлорду, меценаттарды) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка каржылоо булактарын издөөнү жана тартууну жүзөгө ашырат;
3) социалдык чөйрөдөгү мекемелер үчүн тартылган бюджеттик эмес каражаттардын чыгашалар сметасын аткарууну, ошондой эле тамак-аш азыктарынын жана медикаменттердин сапатын карайт жана көзөмөлдү жүзөгө ашырат;
4) социалдык чөйрөдөгү мекемелердин өнүгүүсүнүн жана натыйжалуу иштешинин учурдагы жана келечектеги милдеттерин чечүүгө, иштин сапатын жакшыртууга көмөктөшөт.
2. Кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:
1) социалдык чөйрөдөгү мекемелердин ишин жакшыртуу жана билим берүү, маданият, социалдык коргоо, жазаларды аткаруу жана саламаттык сактоо жаатындагы ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
2) социалдык чөйрөдөгү мекемелердин материалдык-техникалык базасын өнүктүрүүгө жана чыңдоого, тамак-ашты уюштуруунун, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын камсыз кылууга, спорттук-массалык, дене тарбия-ден соолукту чыңдоочу, социалдык-маданий, билим берүү иш-чараларын өткөрүүгө көмөктөшүүгө;
3) социалдык чөйрөдөгү мекемелердин кызматкерлерин, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн, ошондой эле кызыкдар уюмдарды, адистерди жана эксперттерди Кеңештин жыйналыштарына чакырууга;
4) мамлекеттик жана башка мыйзам менен корголуучу жашырын сырга кирген маалыматтарды кошпогондо, социалдык чөйрөдөгү мекеменин тиешелүү кызмат адамдарынан ишти (анын ичинде бюджеттен тышкары финансы-чарбалык) жүзөгө ашырууга байланыштуу документтерди же башка маалыматтарды суратып алууга;
5) зарылдыгына жараша Кеңештин мүчөлөрүнүн ичинен туруктуу жана (же) убактылуу комиссияларды түзүүгө;
6) фискалдык органдар тарабынан социалдык чөйрөдөгү мекемени текшерүүлөрдүн натыйжалары менен таанышууга;
7) финансы-чарбалык иш чөйрөсүндөгү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдери бузулган учурда туруктуу жана (же) убактылуу комиссиянын, жумушчу топторунун иштеринин жыйынтыктары боюнча ыйгарым укуктуу органга социалдык чөйрөдөгү мекеменин кызмат адамдарына, кызматкерлерине карата тийиштүү чараларды кабыл алуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
8) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга, алардын кызмат адамдарына, укук коргоо органдарына зарыл чараларды көрүү үчүн табылган бузуулар жөнүндө материалдарды берүүгө;
9) социалдык чөйрөдөгү мекеменин ишинин маселелери боюнча коомдук пикирди иликтөөгө жана жалпылоого жана алынган маалыматтарды мекеменин ишин өркүндөтүү максатында пайдаланууга;
10) мекеменин ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга байланышкан маселелерди чечүүгө көмөктөшүүгө;
11) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү берүү маселелери боюнча жарандардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын кароого катышууга.
3. Кеңеш төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кеңештин ишинин жылдык планын иштеп чыгууга жана бекитүүгө;
2) өз ишин социалдык чөйрөдөгү мекемелердин администрациялары, алардын уюштуруучулары, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, башка уюмдар жана гуманитардык жардам көрсөткөн жеке жактар менен өз ара тыгыз аракетте жүзөгө ашырууга;
3) социалдык чөйрөдөгү мекемелердин иши жөнүндө коомчулукка маалымдоого көмөктөшүүгө;
4) жалпыга маалымдоо каражаттары жана социалдык чөйрөдөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын веб-сайты аркылуу өз иши, кабыл алынган чечимдери жана алардын аткарылышы жөнүндө коомчулукка маалымдоого;
5) берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүүгө жана аларды өркүндөтүү боюнча өз сунуштарын киргизүүгө;
6) өз иши жөнүндө ар жылдык отчетторду даярдоого жана жалпыга маалымдоо каражаттары же социалдык чөйрөдөгү мекемелердин уюштуруучуларынын расмий веб-сайттары аркылуу коомчулукка маалымдоого;
7) социалдык чөйрөдөгү мекемелерди каржылоого Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген кошумча булактарды тартууга;
8) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын талабы боюнча өз иши жөнүндө отчетторду берүүгө.
(КР 2020-жылдын 1-августундагы № 105 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-глава. Кеңешти түзүү жана анын ишин уюштуруу
6-берене. Кеңешти түзүүнүн тартиби
1. Төмөнкүлөр Кеңештин мүчөлөрү боло алышат:
1) социалдык чөйрөдөгү мекемелерде же коомдук иште иш тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын аракетке жөндөмдүү жарандары;
2) ишкер чөйрөлөрдүн, илимий жана билим берүү уюмдарынын, маданий жана социалдык чөйрө мекемелеринин, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, студенттик жана, ошондой эле гуманитардык жардам көрсөткөн жеке жактар.
2. Кеңеш 15 адамдан ашык эмес санда түзүлөт.
3. Социалдык чөйрөдөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, жергиликтүү мамлекеттик администрация, жергиликтүү кеңеш социалдык чөйрөдөгү мекеме үчүн анын ведомстволук баш ийүүсүндө болгон жана 11 адамдан ашпаган Кеңешти тандоо жана түзүү боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) түзөт.
4. Комиссиянын курамына мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн башка өкүлдөр кире алышат.
5. Комиссия жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу социалдык чөйрөдөгү мекемелерде Кеңешти түзүү жөнүндө кулактандыруу берет же социалдык чөйрөдөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзүнүн расмий веб-сайтына жайгаштырат.
6. Комиссия социалдык чөйрөдөгү мекемелердин Кеңешинин сапаттык курамын тандоону жана түзүүнү жүзөгө ашырат жана ал жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, жергиликтүү кеңештин жана ведомстволук баш ийүүсүнө жараша социалдык чөйрөдөгү мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын макулдугу менен Комиссиянын чечими менен бекитилет.
7. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн уюмдардын өкүлдөрү жалпыга маалымдоо каражаттарында социалдык чөйрөдөгү мекеменин Кеңешин түзүү жөнүндө кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 30 күндүн ичинде өз өкүлдөрүн өкүлдөшөт.
8. Социалдык чөйрөдөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү кеңеш сунуштаманы алган учурдан тартып 3 күндүн ичинде ал тарабынан Кеңештин мүчөлүгүнө көрсөтүлгөн талапкер боюнча жарандык коомдук уюмга жүйөлүү баш тартуу билдирүүгө укуктуу. Жарандык коомдук уюм бир эле талапкерди кайталап көрсөткөн учурда, Комиссия 3 күндүн ичинде аны Кеңештин мүчөлүгүнө бекитүүгө тийиш.
9. Кеңештин курамынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аны бекиткен учурдан тартып 3 жылды түзөт. Бир эле адам чексиз жолу Кеңештин мүчөсү болууга укуктуу.
10. Социалдык чөйрөдөгү мекеменин уюштуруучулары болуп саналган адамдар, ошондой эле мекемеге башчылык кылган жетекчилер Кеңештин мүчөсү боло алышпайт.
11. Кеңештин мүчөлөрү бир эле убакта социалдык чөйрөдөгү мекеменин бирден ашык Кеңешинин мүчөсү боло алышпайт.
7-берене. Кеңештин мүчөлөрүнүн укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери
1. Кеңештин мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
1) социалдык чөйрөдөгү мекемеде өткөрүлүүчү чогулуштарга жана жыйналыштарга байкоочулардын статусунда катышууга;
2) Кеңеш, жергиликтүү кеңеш жана социалдык чөйрөдөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлгөн комиссиялардын, жумушчу топтордун иштерине катышууга;
3) Кеңештин төрагасынын жана башка мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотууну демилгелөөгө;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана социалдык чөйрөдөгү мекеменин уставында каралган башка укуктарга.
2. Кеңештин мүчөлөрү төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кеңештин жыйналыштарына келүүгө;
2) Кеңештин мүчөсүнүн жүрүм-турум этикасын сактоого;
3) Кеңештин чечимдерин аткарууга;
4) мыйзамдарда жана социалдык чөйрөдөгү мекеменин уставында белгиленген башка милдеттерди аткарууга.
3. Кеңештин мүчөлөрү өз укуктарын жүзөгө ашырууда жана милдеттерин аткарууда мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуучу жарандардын кызыкчылыктарында аракеттенүүгө тийиш.
4. Кеңештин мүчөлөрү өздөрүнүн аракеттери (аракетсиздиктери) менен келтирилген зыян үчүн социалдык чөйрөдөгү мекеменин алдында жоопкерчилик тартышат. Мында Кеңештин зыянга алып келген чечимге каршы добуш берген же добуш берүүгө катышпаган мүчөлөрү жоопкерчилик тартышпайт.
5. Кеңештин мүчөлөрү ушул Мыйзамдын жана башка ченемдик укуктук актылардын ченемдерин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
(КР 2020-жылдын 1-августундагы № 105 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-берене. Кеңештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын токтотулушу
1. Кеңештин мүчөсүнүн ыйгарым укуктары төмөнкү учурларда токтотулат:
1) ал шайланган мөөнөт аяктаганда;
2) ал өз каалоосу боюнча ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө арыз бергенде;
3) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоочу жерине чыгып кеткенде;
4) ага карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө киргенде;
5) аны сот тартибинде аракетке жөндөмсүз, ошондой эле дайынсыз жоголду же өлдү деп тааныганда;
6) Кеңештин мүчөсүнүн социалдык чөйрөдөгү мекемеге же Кеңештин беделине зыян келтирген жүрүм-турум этикасын бузганда;
7) медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалы боюнча өз милдеттерин жүзөгө ашырууга мүмкүн болбогондо;
8) жүйөлүү себептерсиз Кеңештин жыйналыштарына катары менен беш жолу келбегенде.
2. Кеңештин мүчөлөрүн мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө чечим Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинин добушу менен кабыл алат.
3. Кеңештин курамындагы бош орунду ээлөө ушул Мыйзамдын 6-беренесинде белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
9-берене. Кеңештин ишин уюштуруу
1. Кеңеш өз ишин көз карандысыздык, айкындуулук, коллегиялуулук, ак ниеттүүлүк, мыйзамдуулук принциптеринде жүзөгө ашырат.
2. Кеңештин төрагасы ачык добуш берүү менен, Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушу менен бир жылдык мөөнөткө шайланат.
Кеңештин төрагасын шайлоого талапкерлер Кеңештин мүчөлөрү тарабынан же болбосо өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде көрсөтүлөт.
3. Кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү ал шайланган күндөн тартып башталат жана жаңы төраганы шайлаган күндүн алдындагы күндө токтотулат.
4. Кеңештин жаңы төрагасын шайлоо иштеп жаткан төраганын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн акыркы айында өткөрүлөт. Эгерде Кеңештин жаңы төрагасын шайлоо ушул беренеде белгиленген мөөнөттө өткөрүлбөй калган учурда, Кеңештин иштеп жаткан төрагасы Кеңештин жаңы төрагасы шайланганга чейин өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууну уланта берет.
5. Төрага болбогон мезгилде төраганын милдеттерин аткаруу төраганын чечими менен, ал эми мындай тапшырма берүүгө мүмкүн болбогондо - анын жалпы курамынын көпчүлүгүнүн добушу менен, Кеңештин чечими боюнча Кеңештин мүчөлөрүнүн бирине жүктөлөт.
6. Кеңештин төрагасы:
1) Кеңештин ишин уюштурат, ошондой эле мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка уюмдар менен өз ара мамилелерде Кеңештин атынан чыгат;
2) жыйналыштарды чакырат, Кеңештин жыйналыштарында кароо үчүн киргизилүүчү маселелерди аныктайт;
3) Кеңештин жыйналыштарында төрагалык кылат;
4) Кеңешке берилген материалдарды текшерүүнү уюштурат;
5) Кеңештин ишинин натыйжаларын жалпылоону уюштурат жана анын ишин уюштурууну жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алат;
6) социалдык чөйрөдөгү мекеменин уюштуруучусуна, жергиликтүү мамлекеттик администрацияга, жергиликтүү кеңешке жана ведомстволук баш ийүүсүнө жараша социалдык чөйрөдөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кеңештин иши жөнүндө маалымдайт;
7) Кеңештин чечимдерине ылайык башка иш-милдеттерди аткарат.
7. Кеңештин төрагасы өз иш-милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда анын ыйгарым укуктары Кеңештин мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмесинин чечими менен мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
8. Кеңеш өз курамынан Кеңештин катчысын шайлайт.
Катчынын ишин техникалык жактан колдоо үчүн Кеңештин чечими боюнча адамдар келишимдик негизде тартылышы мүмкүн.
9. Кеңештин катчысы:
1) Кеңештин жыйналыштарын даярдоону камсыз кылат;
2) Кеңештин мүчөлөрүнө жыйналышты өткөрүүнүн датасы, убактысы жана орду жөнүндө кабар берет, Кеңештин жыйналышынын протоколун жүргүзөт;
3) Кеңештеги иш кагаздарын уюштурат жана жүргүзөт, ошондой эле анын чечимдеринин аткарылыш мөөнөттөрүн көзөмөлдөйт;
4) Кеңештин жана анын төрагасынын тапшырмаларына ылайык башка иш-милдеттерди аткарат.
10-берене. Кеңештин ишин финансылык жактан камсыз кылуу
1. Кеңеш өз ишин уюштуруу үчүн мыйзамдарга карама-каршы келбеген булактардан гуманитардык жардамды, финансылык жана башка материалдык каражаттарды тартууга укуктуу. Аларды кабып алуу, эсебин жүргүзүү жана бөлүштүрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
2. Кеңеш тарабынан тартылган акчалай каражаттарды топтоштуруу үчүн социалдык чөйрөдөгү мекеме жетекчиси банкта мекеменин топтоомо эсебин ачат. Кеңеш тарабынан тартылган акча каражаттарын топтоо жана пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
3. Акчалай каражаттары эсептен Кеңештин чечиминин негизинде, анда көрсөтүлгөн дайындуу максаттарга гана алынышы мүмкүн.
4. Кеңеш акчалай каражаттарды өз ишин уюштурууга, бирок түшкөн сумманын 2 пайызынан көп эмесин пайдаланууга укуктуу.
5. Кеңеш жыл аягында өз иши жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында отчет жарыялайт.
(КР 2020-жылдын 1-августундагы № 105 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-берене. Кеңештин жыйналышы
1. Кеңештин биринчи жыйналышын Кеңештин жашы боюнча улуу мүчөсү ачат.
Кеңештин биринчи жыйналышында ачык добуш берүү менен Кеңештин төрагасы жана катчысы шайланат.
2. Кеңештин жыйналышында Кеңештин ар бир мүчөсү бир добушка ээ.
Кеңештин жыйналышы ага Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экиден кем эмеси катышканда ченемдүү укук болот.
Кеңештин жыйналышы ачык, кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
Кеңештин жыйналыштарын өткөрүүнүн мезгилдүүлүгү Кеңештин жылдык иш планы менен аныкталат.
3. Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин талабы боюнча Кеңештин мүчөлөрү кезексиз жыйналыш чакыруу жөнүндө сунуш киргизүү укугуна ээ.
4. Кеңештин мүчөлөрү анын жыйналыштарына жеке өздөрү катышат. Кеңештин жыйналышына катышуу мүмкүнчүлүгү болбогон учурда, Кеңештин мүчөсү күн тартибине киргизилген маселе боюнча өзүнүн пикирин жазуу жүзүндө жөнөтүүгө укуктуу. Көрсөтүлгөн пикир Кеңештин жыйналышында каралууга жатат жана добуш берүүдө эске алынат.
5. Кеңештин чечими боюнча анын жыйналышына мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, илимий, кесиптик бирликтердин жана башка уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле социалдык чөйрөдөгү мекемелердин иши жаатында адистешкен эксперттер жана башка консультанттар чакырылышы мүмкүн.
6. Кеңештин жыйналышы ачык өткөрүлөт, аларга социалдык чөйрөдөгү мекемелердин өкүлдөрү, жарандар, жарандык коомдун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катыша алышат.
7. Кеңештин чечими Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат жана протокол менен жол-жоболонот, ага жыйналыштын төрагасынын жана катчысынын колдору коюлат.
Кеңештин мүчөсүнүн өзгөчө пикири жазуу жүзүндө жол-жоболонот жана Кеңештин чечимине тиркелет.
8. Кеңештин чечими боюнча тигил же бул маселелер электрондук почта боюнча же Кеңештин расмий веб-сайтын колдонуу жолу менен добуш берүүгө коюлушу мүмкүн. Электрондук почта боюнча же Кеңештин расмий веб-сайтын колдонуу аркылуу добуш берүү жол-жобосу, ошондой эле ушундай ыкмалар менен кабыл алынган чечимдерди протоколдук жол-жоболоо Кеңештин уставында аныкталат.
9. Эгерде алар Кеңеш тарабынан кабыл алынбаса же бекитилбесе же болбосо белгиленген тартипте алар менен макулдашылбаса, Кеңештин мүчөсү документтерди, чечимдерди, сунуштамаларды же башка маалыматтарды Кеңештин атынан жарыялоого, мамлекеттик органга же башка адамдарга берүүгө укуксуз.
10. Кеңештин иши жөнүндө маалыматтар Кеңештин расмий веб-сайтына жайгаштырылышы мүмкүн, веб-сайт болбогондо жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланууга тийиш.
12-берене. Кеңештин мамлекеттик органдар, социалдык чөйрөдөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүүсү
1. Кеңештин иш планынын көчүрмөсү аны бекиткен күндөн тартып 5 жумушчу күндөн кечиктирбестен, ошондой эле ага ар бир өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгенден кийин социалдык чөйрөдөгү мекемеге, мекеменин уюштуруучусуна, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрацияга, жергиликтүү кеңешке жана ведомстволук баш ийүүсүнө жараша социалдык чөйрөдөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга милдеттүү тартипте жиберилет.
2. Социалдык чөйрөдөгү мекеменин уюштуруучусу, мекеменин жетекчиси, жергиликтүү мамлекеттик администрация, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жана социалдык чөйрөдөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кеңештин жыйналышынын күн тартибине киргизүү үчүн Кеңештин кароосуна маселелерди киргизүүгө укуктуу.
3. Мамлекеттик органдар, социалдык чөйрөдөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын мекемелери мамлекеттик же башка мыйзам менен корголуучу жашыруун сырды түзгөн маалыматтарды кошпогондо. Кеңештин суроо-талаптары - боюнча зарыл маалыматтарды берет.
4. Кеңештин ишин уюштуруучулук жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу (Кеңештин жыйналыштары үчүн орун жайды камсыз кылуу, орун жайды талкууланган маселелер боюнча маалымдама-маалыматтык материалдарды көрсөтүү үчүн зарыл техникалык каражаттар менен жабдуу, материалдарды көбөйтүү ж.б.) Кеңеш тарабынан жүзөгө ашырылат.
13-берене. Кеңештин ишин токтотуу
1. Кеңеш социалдык чөйрөдөгү мекеме кайра уюштурулган учурда өз ишин токтотот.
2. Кайра уюштурууда (кошулуу, бөлүнүү, биригүү, бөлүп чыгаруу) социалдык чөйрөдөгү бир мекемеде бир Кеңеш аракеттенет.
3-глава. Кеңештин ишин координациялоо
14-берене. Кеңештердин мүчөлөрүнүн коомдук бирикмеси
1. Өз ишин координациялоо үчүн кеңештер кеңештердин мүчөлөрүнүн коомдук бирикмесине (мындан ары - Бирикме) ыктыярдуу башталышта биригүүгө укуктуу.
2. Бирикме юридикалык жак болуп саналат жана мыйзамда белгиленген тартипте түзүлөт.
3. Бирикме төмөнкү иш-милдеттерди жүзөгө ашырат:
1) Кеңеш үчүн кадрларды даярдоого көмөктөшүүнү;
2) кеңештердин милдеттерин жана максаттарын жалпыга маалымдоо каражаттарында пропагандалоону;
3) Кеңештин мүчөлөрү жана башка адамдар үчүн укуктук жана башка темаларда дареметти жогорулатуу боюнча коммуникативдик, маалыматтык, консультативдик иш-чараларды өткөрүүнү;
4) Кеңешке усулдук жардамдарды көрсөтүүнү;
5) көзөмөлчүлөрдү сыйлоонун ар кандай түрлөрүнө көрсөтүүнү;
6) социалдык чөйрөдөгү мекемелерде Кеңеш түзүүгө көмөктөшүүнү;
7) ушул Мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда жана Бирикменин уставында караоган башка иш-милдеттерди.
4. Өз ишин жүзөгө ашыруу үчүн Бирикме мыйзамга карама-каршы келбеген каржылоо булактарын тартууга укуктуу.
15-берене. Бирикменин ишин уюштуруу
1. Бирикмеге жетекчиликти 7ден кем эмес мүчөдөн турган, уюштуруу жыйналышында шайланган башкармалык жүзөгө ашырат.
2. Башкармалыктын мүчөлөрү өз ишин акысыз негизде жүзөгө ашырышат.
3. Бирикменин учурдагы иши Бирикме мүчөлөрүнүн ичинен түзүлгөн Бирикменин катчылыгы же келишимдик негизде тартылган адистер жана эксперттер тарабынан жүзөгө ашырылат.
(КР 2020-жылдын 1-августундагы № 105 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
16-берене. Бирикменин ишинин айкындыгы жана ачыктыгы
1. Бирикме жыл аягында отчеттук конференция өткөрөт, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) кеңештердин - Бирикме мүчөлөрүнүн иши жөнүндө жыйынтыктоочу отчет;
2) кеңештердин ишинин мыкты тажрыйбалары;
3) сыйлыкка Кеңештин айырмаланган мүчөлөрүн, көзөмөлчүлүктү өнүктүрүүгө салым кошкон меценаттарды, кайрымдууларды жана башка адамдарды.
2. Бирикме жалпыга маалымдоо каражаттарында өз иши жөнүндө отчет жарыялайт.
4-глава. Корутунду жоболор
17-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүү тартиби
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2014-жылдын 6-июнунда № 43 жарыяланды
2. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 3 жылдан кечиктирбестен ушул Мыйзамда белгиленген тартипте социалдык чөйрөдөгү мекемелерде көзөмөлчүлүк кеңештери түзүлүүгө тийиш.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып бир жылдан кечиктирбестен, Кеңешти түзүү максатка ылайыксыз болгон социалдык чөйрөдөгү мекемелердин тизмегин аныктасын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.