УКУКТУК-НОРМАТИВДИК АКТЫЛАР

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 2014-жылдын

21-июлундагы № 403 токтому

менен бекитилген

Кыргыз Республикасында жалпы орто билимдин

мамлекеттик билим берүү стандарты

1- бап. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасында жалпы орто билимдин мамлекеттик билим берүү стандарты (мындан ары – Мамлекеттик стандарт) төмөнкүлөрдү белгилейт:

1) жалпы орто билимдин коомдук макулдашылган артыкчылыктарын;

2) жалпы орто билимдин максаттарын жана милдеттерин;

3) негизги компетенттүүлүктөрдүн тизмесин жана аларга жетүүнүн деңгээлин;

4) билим берүү тутумунун деңгээлинде, мектептин, класстын жана айрым окуучулардын билиминин натыйжаларына баа берүүнүн негизги принциптерин;

5) мектептик билим берүүдөгү уюштуруу жана методикалык (технологиялык) өзгөртүүлөрдү.

2. Мамлекеттик стандарт төмөнкүлөрдү камсыз кылат:

1) мектептик билим берүүнүн бардык деңгээлинде бардык билим берүү тармагында белгиленген максаттарды жүзөгө ашырууну;

2) окуу жүгүн ылайыкташтыруу үчүн билим берүү тармагында предметтерди интеграциялоо үчүн методикалык негиздерди;

3. Мамлекеттик стандарт компетенттик негизде билим берүү тутумун курууну камсыз кылган жана коомдун социалдык тапшырыгы менен мектептик билим берүүнү макулдашкан жөнгө салуу документтеринин (же куррикулум) тутуму аркылуу жүзөгө ашырылат:

1) предметтик стандарттар;

2) окуу пландары;

3) окуу-методикалык комплекстер.

4. Мамлекеттик стандарт предметтик стандарттарды, окуу планын жана негизги билим берүү программаларын иштеп чыгуу үчүн негиз болуп саналат.

5. Окуу планы 7 билим берүү тармагынан турат, алардын ар бири өзүнө белгилүү предметтерди, анын ичинде – интеграцияланган предметтерди камтыйт. Билим берүү тармактары Мамлекеттик стандартта белгиленген негизги компетенттүүлүктү (ушул Мамлекеттик стандарттын тиркемеси) эске алуу менен коом жана ар бир адам үчүн актуалдуу баалуулук белгилерге, Кыргыз Республикасынын билим берүү тутумунун негизги чакырыктарына жараша калыптанат.

6. Мамлекеттик стандарт билим берүү процессинин катышуучуларынын ар биринин – билим берүүнү башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн, мектептин администрациясынын жана мугалимдердин, окуучулардын өзүнүн, ошондой эле жарандык коомдун өкүлдөрүнүн билим берүүдө белгилүү натыйжаларга жетишүү үчүн жоопкерчилик чөйрөсүнө өзгөрүүлөрдү бекемдейт.

Бул үчүн билим берүүнү башкаруу органдары билим берүү тармагында саясатты иштеп чыгууда стратегиялык, программалык документтерди жана ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга бизнес-коомчулуктун, коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүн, ата-энелерди, окуучулардын өздөрүн тартат.

7. Мамлекеттик стандарт Кыргыз Республикасында мектепке чейинкиден жогорку кесиптик билим берүүгө чейинки билим берүү тутумун куруунун бирдиктүү методологиясын камсыз кылган компетенттүү-багытталган стандарттар тутумунун бир бөлүгү болуп саналат.

8. Мамлекеттик стандартты кайра кароо жана жаңылоо мектеп окуучуларын даярдоонун Кыргыз Республикасынын стратегиялык документтеринде бекемделген стратегиялык артыкчылыктарга, иш берүүчүлөрдүн керектөөлөрүнө, окуучулардын жана алардын ата-энелеринин суроо-талаптарына ылайык келишин камсыз кылуу максатында беш жылда бир жолудан кем эмес жүргүзүлүп турат.

9. Ушул Мамлекеттик стандартта негизги түшүнүктөр жана атоолор төмөнкү мааниде пайдаланылат:

- базалык жалпы билим берүү предметтери – окутуунун бардык баскычтарында жана окутуунун бардык профилдеринде бардык окуучулар үчүн милдеттүү болуп саналган предметтер;

- базистик окуу планы – милдеттүү предметтердин тизмесин, аларды окутуунун ырааттуулугун, окуу жүгүнүн көлөмүн жана формасын белгилеген документ;

- мамлекеттик компонент – менчигинин түрүнө карабастан бардык типтеги мектептер үчүн милдеттүү болгон мамлекеттик стандарттардын талаптарын жүзөгө ашырган мектептик билим берүүнүн окуу планынын бөлүгү;

- жалпы орто билим берүүнүн мамлекеттик стандарты – ченемдик-укуктук документ, ал:

мектептик билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде билим берүүнүн бардык тармактарында белгиленген максаттарды жүзөгө ашырууну камсыз кылат;

билим берүү процессин жөнгө салат;

улуттук жана региондук/жергиликтүү деңгээлдерде билим берүү тутумун өнүктүрүүнү камсыз кылат;

- жеке билим берүү траекториясы – педагогдун ата-энелер менен бирге өз ара аракеттенүүсүндөгү координациялык, уюштуруучулук, консультациялык ишмердигинде жүзөгө ашырылган ар бир окуучунун тийиштүү жөндөмдүүлүгүнө, мүмкүнчүлүгүнө, жүйөлөрүнө, таламдарына ылайык жеке билим берүү максаттарын жүзөгө ашыруу боюнча алардын окуу ишинин элементтеринин белгилүү ырааттуулугу:

- инклюзивдик билим берүү – балдарды сегрегациялоонун ар кандай формаларын четке каккан ийгиликтүү окуу жана социалдашуу үчүн шарттарды түзүү аркылуу бардык окуучулардын керектөөлөрүнүн жана муктаждыктарынын ар түрдүүлүгүнө улуттук билим берүү тутумунун багытталышынын жана таасир кылышынын динамикалуу процесси;

- билимдин сапаты – билим берүүнүн натыйжасынын ар кандай билим берүү субъекттеринин (окуучулардын, педагогдордун, ата-энелердин, иш берүүчүлөрдүн, бүтүндөй эле коомдун) күткөндөрүнө же алар алдыга койгон максаттары менен милдеттерине ылайык келүү даражасы;

- негизги компетенттүүлүк – социалдык, мамлекеттик, кесиптик тапшырыкка ылайык аныкталган, окуу предметтеринин базасында жүзөгө ашырылган жана окуучунун социалдык тажрыйбасына негизделген көп функциялуулукка ээ болгон жана предметтен жогору турган билим берүүнүн өлчөнүүчү натыйжасы;

- компетенттүүлүк кандайдыр бир кырдаалда – окуу, инсандык, кесипкөйлүк ишинде билимдин, ыктын жана жөндөмдүүлүктүн ар кандай элементтерин өз алдынча колдонууга адамдын интеграцияланган жөндөмү;

- компетенция – окуучуларды билим алууга даярдоого карата мурдатан берилген, кандайдыр бир кырдаалда – окуу, инсандык, кесипкөйлүк ишинде анын натыйжалуу үзүрлүү иши үчүн зарыл болгон социалдык талап (ченем, стандарттардын тизмеси).

- куррикулум– компетенттүүлүк негизде билим берүү тутумун курууну камсыз кылган, билим берүүнүн натыйжаларына, окуу процессин уюштурууга талап койгон жана мектептик билим берүүнү коомдун социалдык тапшырыгы менен макулдашкан жөнгө салуучу жана багыт берүүчү документтердин тутуму;

- билим берүү тармагы – адамдын ишмердигинин белгилүү чөйрөсүнө тиешелүү, илимий жана практикалык иштин педагогикалык жактан жатыккан тажрыйбасы түрүндө берилген билим берүүнүн мазмуну;

- билим берүү процесси – педагогдордун түздөн-түз катышуусу менен ар кандай түрдөгү сабактар жана окуучунун өз алдынча сабактары, ошондой эле билим берүүнүн максаттары жана натыйжалары жүзөгө ашырылган окуучулардын жана бүтүрүүчүлөрдүн сынактары, зачеттору, аттестациялоонун башка түрлөрү сыяктуу окутуунун жана тарбиялоонун уюштурулган процесси;

- белгилөө – баанын сандык билдирилиши;

- баа – окуучуда калыптанган компетенттүүлүктүн, Мамлекеттик жана предметтик стандарттарда бекемделген сапаттык аныктоо даражасы;

- баа берүү – окуучунун когнитивдик (таанып-билүү), аффективдик (эмоционалдык-баалуулук) жана жүрүм-турумдук ишмердигине, мугалимдердин, класстын, мектептин ишине байкоо жүргүзүүнүн, ошондой эле алынган билимдин натыйжаларынын пландаштырылганга ылайык келүү даражасын аныктоо үчүн билимдин сапатын жакшыртуу максатында маалыматты сыпаттоонун, чогултуунун, каттоонун жана интерпретациялоонун тутумдуу процесси;

- предметтик компетенттүүлүк – негизги компетенттүүлүккө карата мамиле боюнча жекече компетенттүүлүк, билим берүү натыйжаларынын топтому түрүндө айрым предметтердин материалдары менен аныкталат;

- предметтик стандарт – окуучунун билим алышынын, аларга жетишүү ыкмаларын жана предметтин алкагында өзгөрүүлөрдүн натыйжаларын жөнгө салган документ;

- долбоор – практикалык же теориялык маанилүү маселелерди чечүүдө жетишиле турган, окуучулардын өз алдынча жана топтук ишин талап кылган натыйжаларга багытталган мектеп окуучуларынын когнитивдик (таанып-билүү), аффективдик (эмоционалдык-баалуулук) жана жүрүм-турумдук ишмердигин уюштурууну камсыз кылуучу педагогикалык технология;

- профилдик билим берүү – билим берүү процессинин түзүмүн, мазмунун жана уюштурулушун өзгөртүүнүн эсебинен окуучунун кызыкчылыгын, шыгын жана жөндөмдүүлүгүн кыйла толук эске алууга, жогорку класстын окуучуларынын билим алуусун улантуу жагындагы кесиптик кызыкчылыктарына жана ниеттерине ылайык алардын окуусу үчүн шарт түзүүгө мүмкүнчүлүк берген окутуунун дифференциациялоо жана жекелештирүү каражаты;

- натыйжалар (билим берүүчү) – негизги жана предметтик компетенттүүлүккө ээ болуу деңгээлинде билдирилген билим берүү процессинин белгилүү этабында окуучулардын билим алуудагы жетишкендиктеринин топтому;

- баа берүү тутуму – жетишкендиктерди өлчөөнүн жана окутуу маселелерин диагноздоонун, эки жактуу байланышты түзүүнүн, окуучуларга, мугалимдерге, ата-энелерге, мамлекеттик жана коомдук түзүмдөргө илим берүүнүн абалы, маселелери жана жетишкендиктери жөнүндө маалымат берүүнүн негизги каражаты;

- окутуу технологиясы – билим берүүнүн максаттарына жана натыйжаларына жетишүүгө жана өлчөөгө багытталган окуу процессин уюштуруунун ыкмаларынын жана методдорунун тутуму;

- билим берүү процессинин катышуучулары – окуучулар, педагогикалык кызматкерлер, билим берүү уюмунун башкаруучу жана окуу-көмөкчү персоналы, окуучунун ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү);

- окутуунун максаты – окутуунун түпкү жана орто аралык натыйжасы, ага окуучулар негизги жана предметтик компетенттүүлүктүн белгилүү деңгээлинде билдирилген когнитивдик (таанып-билүү), аффективдик (эмоционалдык-баалуулук) жана жүрүм-турумдук чөйрөдө жетишет, аны мугалим өлчөп жана баа бере алат;

- мектептик стандарт – билим берүү уюму иштеп чыгып, бекиткен жана конкреттүү билим берүү уюмунун компетенциясынын чегинде окуу-тарбиялоо процессин уюштуруу боюнча анын өзгөчөлүгүн чагылдырган документ.

2-бап. Жалпы орто билим берүүнүн максаттары, милдеттери жана натыйжалары

10. Билим берүүнүн максаты: улам өзгөрүп жаткан көп түрдүү дүйнөдө жеке жана коомдук жыргалчылыкты камсыз кылган инсандын жарандык жана кесиптик ишке даярдыгы.

11. Билим берүүнүн милдеттери:

- окуучунун курактык өзгөчөлүгүнө ылайык педагогикалык жактан жатыккан адамзаттын илимий жана практикалык жетишкендиктеринин негизги өзөгүн өздөштүрүү;

- ийгиликтүү социалдашуу максатында жарандык маданиятты, толеранттуулукту, өз укуктарын коргой билүүнү калыптандыруу;

- коммуникативдик компетенттүүлүгүн, маек кура билүүнү, маңыздуу компромисстерди издеп жана табууну калыптандыруу;

- окуучуларда өз алдынчалуулукту, демилгелүүлүктү жана өзүн тыкан алып жүрүү жөндөмдүүлүгүн, өз жосундары жана өз өмүрү үчүн жоопкерчиликти ала билүүнү тарбиялоо;

- ачык маалыматтык-билим берүү мейкиндигинде, өз алдынча издөө, окуу ишмердигинде багыт алып жана иштей билүү жөндөмүн өнүктүрүү;

- ар бир бала үчүн анын коомго аралашуусун камсыз кылуу жана билим алуусуна бирдей укуктарды берүү.

12. Компетенттүүлүк билим берүүдө билим алуунун натыйжалары катары билим берүү процессинин белгилүү этабында негизги жана предметтик компетенттүүлүгүнө ээ болуу деңгээли менен көрсөтүлгөн окуучунун билимдеги жетишкендигинин топтому алынат. Билим берүү натыйжаларына окуучулардын калыптанган баалуулук максаттары жана окутуунун натыйжалары кирет, башкача айтканда бүтүрүүчүлөрдүн жеке, жарандык жана кесиптик керектөөлөрүн жүзөгө ашырууну камсыз кылган ар бир окуучунун негизги жана предметтик компетенттүүлүккө ээ болуу деңгээли үчүн жеке натыйжалары кирет.

13. Мамлекеттик стандарт төмөнкүдөй баалуулук максаттарга багытталган окуучунун жеке мүнөздөмөсүнүн калыптанышын камсыз кылат:

- Ата Мекенди сүйүү, улуттук салттарды урматтоо жана Кыргызстандын маданий жана табигый байлыктарына сарамжалдуу мамиле кылуу;

- негизги демократиялык жана жарандык укуктарды, эркиндиктерди түшүнүү, кабыл алуу, эркиндиктин адептик маанисин жоопкерчилик менен ажыралгыс байланышта түшүнүү, жеке тандоо жасап жана аны коргой билүү;

- социалдык, саясий, маданий турмушта толеранттуу жүрүш-туруш, өз өлкөсүнүн жана дүйнөнүн элдеринин маданий, руханий дөөлөттөрүн өздөштүрүү менен бир учурда эне тилге жана маданиятка аралашуу үчүн негиз катары маданияттардын көп түрдүүлүгүнүн баалуулугун аңдап-түшүнүү жана кабыл алуу;

- өзүн-өзү урматтоого жана инсандык потенциалды жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгү, заманбап социалдык-экономикалык шартта жеке жыргалчылыкты камсыз кылган жигердүү эмгектик ишке даяр болуу;

- туруктуу өнүгүү принциптерин жолдоо, коопсуз жана дени сак жашоо ыңгайынын ченемдерин кармануу, техниканын жана технологиялардын өнүгүшүнүн социалдык жана экологиялык кесепеттеринин алдын-алуу.

14. Окутуунун натыйжасы катары Мамлекеттик стандарт негизги компетенттүүлүктүн тизмесин жана калыптануу деңгээлин аныктайт.

15. Негизги компетенттүүлүк болуп конкреттүү предметтердин мазмунунда калыптанган жана жүзөгө ашырылган жана окуучунун социалдык тажрыйбасына негизделген билим берүүнүн натыйжасы саналат.

16. Билим берүү процессинде негизги компетенттүүлүккө окуучулар төмөнкү шарттарда ээ болушат:

- окуу процесси окуучунун өз ишинин уюштурулушу жана натыйжасы үчүн өз алдынчалуулугун жана жоопкерчилигин өнүктүрүүгө багытталган;

- окуучулар жалпы билим берүүнү уюштурууда жана сабактан тышкары жана класстан тышкары иштерде долбоордук, изилдөө, социалдык иштерди жүргүзүүдө окутуу процессинде билим берүү ишинин ар кандай түрлөрүн жүргүзүүгө кошулган;

- окуучулардын максаттарды алдыга коюп жана ага жетишүү тажрыйбасына ээ болушу үчүн жагдайлар түзүлгөн;

- баа берүүнүн негизинде окуучунун жекече билим берүү траекториясын туруктуу түзөтүп туруу мүмкүнчүлүгү камсыз кылынган;

- мектептердин педагогдору билим берүү жана тарбиялоо ишинде компетенттүү мамилени көрсөткөн.

17. Адам жеке жана кесиптик чөйрөсүндө пайдаланган ресурстардын (маалыматтык ресурстар, башка адамдар жана адамдардын топтору, жеке сапаттары жана адамдын өзүнүн мүмкүнчүлүктөрү) категориясына ылайык төмөнкү компетенттер негизги болуп саналат:

1) Маалыматтык компетенттүүлүк – өз ишин пландаштыруу жана жүзөгө ашыруу, негиздүү тыянактарды калыптандыруу үчүн маалыматтарды пайдаланууга даярдык. Маалымат менен иштей билүүнү талап кылат: жетишпеген маалыматты максатка умтулуу менен издөө, айрым фрагменттерди салыштыруу, гипотезаларды бирдиктүү талдоо жана коюу ыкмаларына ээ болуу. Адамга сын көз менен ой жүгүртүлгөн маалыматтын негизинде акылга сыярлык чечимдерди кабыл алууга мүмкүнчүлүк берет.

2) Социалдык-коммуникациялык компетенттүүлүк – өз умтулууларын башка адамдардын жана социалдык топтордун таламдары менен айкалыштырууга даярдык, өз көз карашын позициялардын ар түрдүүлүгүн таануунун жана башка адамдардын (диний, этностук, кесиптик, инсандык) баалуулуктарына урмат менен мамиле кылуунун негизинде цивилизациялуу коргоп калуу. Маектешүүдө зарыл маалымат алууга даярдык жана аны жеке, социалдык жана кесиптик маселелерди чечүү үчүн оозеки жана жазуу жүзүндө билдирүү. Милдеттерди чечүү үчүн башка адамдардын ресурстарын жана социалдык институттарды пайдаланууга мүмкүндүк берет.

3) “Өз алдынча уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү” компетенттүүлүгү – маалыматта, окуу жана турмуштук жагдайларда карама-каршылыктарды табууга жана ар кандай ыкмаларды пайдалануу менен аларды өз алдынча же башка адамдар менен өз ара аракеттенүү менен чечүүгө, ошондой эле андан аркы аракеттер жөнүндө чечимдерди кабыл алууга болгон даярдык.

18. Компетенттүүлүктөрдүн калыптануу деңгээлин аныктоо үчүн окуучулардын өз алдынчалуулук деңгээли жана милдеттерди чечүүдө ишмердиктин пайдаланылган түрлөрүнүн татаалдыгы негиз болуп саналат.

19. Негизги компетенттүүлүктүн калыптанышынын үч деңгээлин бөлүп көрсөтүүгө болот:

1) биринчи деңгээл (репродукциялык) окуучулардын үлгүлөрдү (аракеттерди аткаруунун дайындалган алгоритми) жолдой билиши менен мүнөздөлөт;

2) экинчи деңгээл (продукциялык) курамы боюнча жөнөкөй иштерди аткаруу, ишмердиктин өздөштүрүлгөн алгоритмин башка кырдаалдарда колдонуу жөндөмү менен мүнөздөлөт;

3) үчүнчү деңгээл (креативдик) өз алдынча конструкциялоо жана негиздөө элементтери менен татаал курамдагы ишмердикти жүзөгө ашырууну түшүндүрөт.

20. Окутуунун ар бир баскычында окуучулар анын курактык жана жеке өзгөчөлүктөрүнө ылайык жана билим берүү шарттарын эске алуу менен бардык деңгээлдеги компетенттүүлүктөргө ээ болот.

21. Маалыматтык компетенттүүлүк.