Мектептин тарыхы

                О.Джумаев атындагы Чоң-Сары-Ой жалпы орто билим берүү мектеби боюнча кыскача маалымат.

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Чоң-Сары-Ой айылындагы Орузбай Джумаев атындагы Чоң-Сары-Ой жалпы орто билим берүү мектебинин жалпы мүнөздөмөсү.

Билим берүү уюмунун аталышы: Орузбай Джумаев атындагы Чоң-Сары-Ой жалпы орто билим берүү мектеби.

Дареги: Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Чоң-Сары-Ой айылы көчөсү Жумабаев №1

Менчик формасы: Муниципиалдык

Билим берүү уюмунун статусу: Жалпы орто билим берүүчү мектеби

ИНН: 41702215855010 

ОКПО: 20957266

Мектептин имараты: 1972-жылы ишке берилген. 2 этаждуу.

Мектептин ички аянттарынын жалпы кубатурасы: 2145,7м3

Мектептин жалпы аянты: 21734м3

 

Орузбай Джумаев атындагы Чоң-Сары-Ой жалпы орто билим берүү мектебинин тарыхы:

          Ысык-Көл районундагы Чоң-Сары-Ой орто мектебинин биринчи пайдубалы 1921-жылы Бекташ атанын үйүндө  ликбез уюшулуп, анын алгачкы мугалими айылыбыздын тургуну Деркембаев Абакир агай болгон.

          Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде мектеп Ленинграддан эвакуацияланып келген балдар үчүн да атайын детдом , кыргыз тилиндеги жана орус тилиндеги класстар ачылган.

1992-жылдарга чейин Чок-Тал, Өрнөк, Сары-Ой айылындагы 8 жылдык , Бает айылындагы 4 жылдык мектептердин окуучуларын окутуп чыгарган.

     Азыркы мектептин имаратын 1972-жылы ошол кездеги Карл Маркс колхозунун башкармасы Орузбай Джумаев колхоздун каражатына салдырган. Мектеп 1972-жылдан 2010-жылга чейин Чон-Сары-Ой  жалпы орто билим берүү мектеби болуп аталып, 2010-жылы Орузбай Джумаев атындагы Чоң-Сары-Ой жалпы орто билим берүүчү мектеп болуп аталган.

        Мектеп 500 орундуу. Мектептин окуп жаткан имаратында 19 класстык кабинеттер функционалдык багыттар менен камсыздалган.  1 усулкана, 1китепкана, 1 электрондук китепкана, 1 лингафон кабинети, 1 компьютердик кабинет, 1 спорттук аянтча, 1 жыйын зал, ысык тамак берилүүчү мектеп ашканасы, эмгек кабинети, мектеп алма бакчасы бар.

       О.Джумаев атындагы Чоң-Сары-Ой жалпы орто билим берүүчү мектеби Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-апрелинде бекитилген Билим берүү жөнүндөгү мыйзамына, нормативдик укуктук актыларына, били берүү жөнүндөгү жалпы жоболордун негизинде жана 2013-жылдын 29-январда бекитилген мектептин Уставына ылайык иш алып барат.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы №403 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы орто билимдин мамлекеттик билим берүү стандартына  ылайык  иш алып баруу  менен Орузбай Джумаев атындагы Чоң-Сары-Ой жалпы орто билим берүү мектеби билим сапатын камсыздоо максатында мектептин миссиясын жана максаттарын иштеп чыккан.

Мектептин миссиясы: Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын негизинде иштелип чыккан “Мамлекеттик билим берүү стандартты” пайдалануу менен КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген Окуу планды инновациялык ыкмаларды колдонуу аркылуу окутуу менен окуучуларга сапаттуу билим тарбия берүү.

Мектептин социалдык-педагогикалык миссиясы айылдын жашоочуларынын муктаждыктаждыктарын канаттандыруу, мекттептин базалык баалуулуктарынын жана билим берүү процессинин бардык субъектилеринин негизинде чыгармачыл, жашоодогу тандоосун эркин ишке ашыра алган, чөйрөдөгү ар түрдүү өзгөчөлүктөргө тез көнүп кете алган, социалдык жана кесиптик чөйрөдө өз жөндөмдөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн туура баалай алган, ийгиликтерге жетишүүгө умтулган, ийгиликтерин жеке жана коомдук жашоодо колдоно алган ар тараптан өнүккөн инсандарды окутуу жана тарбиялоо.

Мектептин миссиясы 2022-жылдын 28-августундагы 1педагогикалык кеңешменин чечими менен бекитилген.

Мектептин максаты: Максат- билим берүүнүн жаңыча сапатын, билим алууга тең укуктуулукту, балдык ресурстарды эффективдүү колдонуу, кошумча билим берүү менен окуучулардын тандоосу аркылуу кесиптик билим алууга шарт түзүп берүүнү камсыздоочу заманбап мектеп моделин түзүү.

1.Чыгармачыл, эркин, социалдык жана кесиптик компетенттүү инсанды өстүрүүчү билим берүүгө шарттарды түзүү. Мектептен алып чыккан билимин кесиптик. социалдык, жекече, өздүк деңгээлде туура колдонуп кете турган турмушта өз жолун таап кете турган, чөйрөгөтуура көз карашта карай турган инсанды тарбиялап чыгаруу.

2.Окуу процессин социалдык жана психологиялык жактан колдоо системасын ыңгайлаштыруу.

3.Педагогдордун адистик мүмкүнчүлүктөрүн көтөрүү максатында адистик өсүүсүнүн жекече карталарын иштеп чыгуу.

4.Билим берүүнү дифференциялоо иштерин улантуу, мектеп окуучуларынын жекече кесиптик билим алуу жолдорун түзүүгө, иштеп чыгууга, калыптандырууга шарт түзүү.

5.Мектепте кесиптик билим алуу үчүн тажрыйбалык-эксперименталдык иштерди жүргүзүүгө максималдуу ылайыктуу шарттарды түзүү.

6.Мектеп жамаатын заманбап педагогикалык жетишкендиктер, алдыңкы педагогикалык иш тажрыйбалар жана жаңыча педагогикалык технологияларды иштеп чыгуу жана колдонуу жөнүндө маалыматтарды алуусуна шарт түзүүчү дайыма иштеп турган системаны уюштуруу.

7.Мектептин тышкаркы байланыш жолдорун ыңгайлаштыруу, жакшыртуу.